Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими-2020»

«Жыл мугалими-2020»

Кочкор райондук билим берүү бѳлүмү жана педагогикалык кызматкерлердин райондук профсоюз комитети тарабынан ишине чыгармачылык менен мамиле кылган, таланттуу мугалимдерди табуу жана аларга колдоо көрсөтүү, мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү, педагогикалык ишмердикте заманбап каражаттарды (мультимедия, интерактивдүү такталар ж.б) жана ыкмаларды окутууда пайдаланууну ѳнүктүрүү боюнча алдынкы иш тажрыйбаларды, идеаларды жайылтуу максатында ѳткѳрүлгѳн «Жыл мугалими-2020» онлайн кароо-сынагы ѳткѳрүлдү.

Сынак онлайн режимде 11-22-май күндѳрү ѳткѳрүлүп, 21 мугалим катышты. Сынакта мугалимдердин предметтик жана тарбиялык видео сабактары каралды. Жыйынтыгында Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын башталгыч класстар мугалими Нурланбекова Жанара Гран Приге ээ болуп 10 000 сом жана райондук билим берүү бѳлүмүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды.

Биринчи орунду К.Акназаров атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Жекшеналиева Махабат ээ болуп Ардак грамота жана 7000 сом, экинчи орунду К.Мырзабеков атындагы орто мектебинин биология мугалими Шаршенбиева Назира жеңип Ардак грамота жана 5000 сом, үчүнчү орунду Кызыл-Дѳбѳ орто мектебинин тарых мугалими Алымбек кызы Жыпаркүл ээлеп Ардак грамота жана 3000 сомдон акчалай сыйлык менен сыйланышты. Акчалай сыйлыктар райондук педагогикалык кызматкерлердин профсоюзунун эсебинен каржыланды.

Сыйлыктарды райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу И.Бекишов, педагогикалык кызматкерлердин профсоюзунун райондук комитетинин тѳрагасы А.Темиров жана бѳлүмдүн кызматкерлери тапшырышты

Астра Асаналиева

Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн

Окуу-методикалык кабинетинин башчысы