Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими-2019» кароо-сынагынын облустук туру жыйынтыкталды

Мугалимдердин  кесипкөйлүгүн, чыгармачылыгын,   ишмердүүлүгүн,  эмгектерин  баалоонунун  жана иш   тажрыйбасын  жайылтуунун   аянтчасы  болгон -  “Жылдын  мугалими - 2019”  кароо-сынагынын   Жалал-Абад  облустук  туру  21 - 22-май  күндөрү   облустук билим  берүүнүн  усулдук  борбору  менен  билим  берүү жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  облустук  комитети тарабынан  өткөрүлүп,  жыйынтыкталды.

Облустук  турга райшаарлардын  женүүчүлөрү  болгон  төмондөгү мугалимдер  катышышты:

  1. Аксы районундагы  №42  Т.Сатылганов  атындагы  орто мектептин  математика мугалими - Эркинбекова  Гулнура Эркинбековна
  2. Ала-Бука районундагы  А.Юсупалиев  атындагы  орто мектептин кыргыз  тили  жана  адабияты  мугалими - Сабиржанова  Гулнора  Гафуржановна
  3. Базар-Коргон районундагы  №35  Тешебай Исак уулу  атындагы  орто  мектептин  математика  мугалими - Кыргызбаева  Назгул Андалбековна
  4. Ноокен районундагы №29  Мирзаходжаев  атындагы  орто  мектептин башталгыч  класс  мугалими - Азизова  Гулбахор  Равшанбековна
  5. Сузак районундагы Т.Темирбаев атындагы  мектеп  гимназиясынын  башталгыч  класс  мугалими - Жусупова  Айгуль  Исаковна
  6. Токтогул районундагы Т.Ормонбеков атындагы  лицей мектептин  география  мугалими - Шабданова  Нурия  Эмилбековна
  7. Тогуз-Торо районундагы М. Жаңыбаева  атындагы орто  мектептин англис  тили  мугалими - Токонова   Асель  Токоновна
  8. Чаткал районундагы С.Мырзалиев  атындагы  орто  мектептин   кыргыз  тили   жана  адабияты  мугалими - Кубатова Наргиза  Малайбековна
  9. Жалал-Абад шаарындагы  М.Бабкин  атындагы мектеп - гимназиясынын  кыргыз  тили  жана  адабияты  мугалими - Абдылдаева  Роза  Маматайировна
  10. Кара-Көл шаарындагы №3 Шопоков атындагы орто  мектептин орус  тили  жана  адабияты  мугалими - Маматова  Махабат Мурзамидиновна
  11. Көк-Жаңак шаарындагы №1 М.В.Фрунзе атындагы орто  мектептин   мугалими - Бекмуратова  Дилнура  Курбаналыевна
  12. Таш-Көмүр шаарындагы №7  К.Кузембаев атындагы  гимназия класстары бар  мектептин  математика  мугалими - Сейитбекова  Элиза  Эркинбековна

      Кароо - сынакта төмөнкү    мугалимдер  жеңүүчүлөр  деп  табылып :

1-орун  Жалал-Абад  шаарынын-М.Бабкин  атындагы мектеп  гимназиясынын  кыргыз  тили  жана  адабияты  мугалими-Абдылдаева  Роза  Маматайировнага; 

2-орун  Токтогул  районундагы  Т.Ормонбеков атындагы  лицей мектептин  география  мугалими - Шабданова  Нурия  Эмилбековнага,

 3-орун  Ноокен районундагы  №29  Мирзаходжаев  атындагы  орто  мектептин  башталгыч  класс  мугалими - Азизова  Гулбахор  Равшанбековнага  ыйгарылди.   Башкалары кароо-сынактын  түрдүү номинацияларына  ээ  болушту.      

Катышуучулар  облустук билим  берүүнүн  усулдук  борбору  тарабынан  “Ардак  Грамота” ,  28миң  беш  жүз  сом  акчалай    жана     билим  берүү жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  облустук  комитети тарабынан  140 миң сомдук  жолдонмолордун  сертификаттары  менен  сыйланышты.

Катышуучулар   уюштуруучуларга  өздөрүнүн  ыраазычылыктарын   билдиришти.

 

Материалды  даярдаган: 

Обкомдун инспектору

А.Айдаров