Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими -2018-жыл» конкурсу болуп өттү

      Кемин районунун  Кашаганов атындагы орто мектепте " Жыл мугалими 2018-жыл"  конкурсу болуп өттү. Конкурска  аймактарда өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгында биринчи орунду ээлеген мугалимдер катышты. Иш чарага Кемин  райондук мамлекеттик адмнистрациясынын башчысы Аким- Ж.Р.Дуйшөбаев, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.З.Курманалиева, Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы З.С.Алиева, Кемин райондук кесип бирлик комитетинин төрайымы А.Т.Чылабаева катышты. Конкурстун жыйынтыгында  биринчи орунга Карал Дөбө орто мектебинин географ мугалими, Т.Исмаилов ээ болду. 
      Биринчи орунду ээлеген мугалимге Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын, Кемин райондук кесип бирлигинин атынан баалуу белектер тапшырылды.