Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыйынтыктоочу сынак болуп өттү

     2017-жылдын 20-октябрь күнү  Бүргөндү аймагындагы  №18  Молдалиев  атындагы орто мектебинде  Ноокен райондук кесиптик бирликтин кесиптик уюмдарынын жетекчилеринин  2017-жыл «Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата   «Ыймандуу,  адептүү  инсан-жогорку  маданияттуу  кызматкер»  темасында  райондук  профсоюздук кароо-сынагынын  жыйынтыктоочу туру  болуп  өттү. Бул сынакта  Арал, Бүргөндү,  Достук зоналары  күч сынашты.  Сынакка командалар жакшы даярдыкта келишти.

   Сынакты ачып берүү үчүн алгачкы сөз райКБКнын төрагасы Нышанов  Кубанычбек Калдаровичке берилди.

    Бул сынакты баалоо калыстар тобу- райКБКнын коомдук  тескөөчүлөрү Кандаралиев К, Маматов З, Аджибекова П, Бармалтаева С, Тагаева Н, Толтоеваларга жүктөлдү.

     Сынактын  шарттары  боюнча  бул  командалар бардык күч аракетин жумшашты. Сынак деген сынак экен: бири утуп чыгат, бири жеңилет.  Калыстар тобунун берген  баалары боюнча  28.4 упай менен  Бүргөндү зонасы 1-орунга,  27.2 упай менен  Арал зонасы 2-орунга,  26.2  упай  менен  3-орунга  ээ болушту.

Даярдаган: №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин кесиптик уюмунун төрайымы Толтоева А.