Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыйынтыктоочу тестирлөө жүрүп жатат.

Жыйынтыктоочу тестирлъъ жүрүп жатат.

Баткен обласынын Кадамжай районуна караштуу А.Масалиев жана Б.Айтматов атындагы орто мектептердин базасында жалпы республикалык тестирлөө жүрүп жатат. 2019-2020- окуу жылында райондогу мектептерде 9-классты 3160 окуучу, ал эми 11-классты 1873 окуучу аяктап жатат. Алардын ичинен жалпы республикалык тестирлөөгө 1080 окуучу катталган. Бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп, санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталып, медпункт, медкызматкерлердин күзөтү уюштурулган. Окуучулар аралыкты сакташып, ар бир окуучу медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнөн өткөн соң жыйынтыктоочу тестирлөөгө кирип жатышат.

Материалды даярдаган Билим жана илим кызматкерлеринин

Кадамжай райондук комитетинин уюштуруучу адиси:

Кошатова Айзирек Сүйүновна.