Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыйынтыктар, милдеттер, сыйлыктар

2021-жылдын 9-сентябрында Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге райондогу мектеп, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору, чыгармачыл мугалимдер, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген мугалимдер», ардагер мугалимдер жана педагогикалык жолун алгачкы ирет баштап жаткан жаш адистер да чакырылган. Август кеңешмесине Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–аким М.Раматов, акимдин биринчи орун басары Р.Мырзакулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Муратов жана райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов катышты. Кеңешменин жүрүшүндө райондук билим берүү бөлүмү, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитети тарабынан 2020-2021-окуу жылында аткарылган иштери видеослайд аркылуу кеңешменин катышуучуларына көрсөтүлдү. Жаңы окуу жылында аткарыла турган иштер, милдеттер белгиленди жана кеңешме кайрылуу кабыл алды.

2020-2021-окуу жылында өткөрүлгөн кароо-сынактардын жыйынтыктары чыгарылып, байгелүү орундарга жетишкен педагогикалык жамааттар жана алдыңкы мугалимдер Өзгөн райондук мамлекеттик администрациянын, райондук билим берүү бөлүмү, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин диплому, Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Ошондой эле алдыңкы чыгармачыл мугалимдерге Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин Ардак грамоталары жана баалуу белектери тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитети