Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыйынтык чыгарылып, милдеттер белгиленди

2021-жылдын 13-сентябрында Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмү 2020-2021-окуу жылынын жыйынтыгын чыгарды жана алдыдагы милдеттер белгиленди.

Жыл жыйынтыгын чыгаруу жана жаңы 2021-2022-окуу жылына карата милдеттерди коюу максатында салтка айланган мугалимдердин август кеңешмеси өткөрүлдү. Август кеңешмесине шаардын мэри А.Ж.Маткалыков, КР Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн С.Калыков, Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун башчысы О.Эркебаев, шаардык кеңештин депутаттары,  шаардагы ЖОЖ, атайын, кесиптик окуу жайларынын өкүлдөрү катышышты. Билим берүү мекемелеринин жыл ичинде аткарган иштери, ийгиликтери, кемчиликтери айтылып, жаңы окуу жылында кемчиликтерди оңдоо боюнча сунуштар берилди.

Жыл ичиндеги ийгиликтердин негизинде жалпы билим берүүчү мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары боюнча байгелүү орундар белгиленип, аларга шаардык мэриясынын баалуу белектери берилди.

Ал эми областтык, республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү болгон үч окуучуну даярдаган Ж.А.Карабаева, У.Н.Абдиева, С.М.Багдановаларга билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитетинин төрайымы М.А.Буванова тарабынан Турцияга эс алууга сертификаттар тапшырылды.

Мындан тышкары окуу жыл ичинде мугалим-тарбиячылар арасында өткөрүлгөн сынактардын  жеңүүчүлөрү да белгиленип, шаардык мэрия тарабынан баалуу белектер берилди. Ал эми калган бардык катышуучуларга дем берүү, шыктандыруу максатында билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

Конференция соңунда жаңы окуу жылына карата милдеттер белгиленип, резолюция кабыл алынды.

 

Маалыматты даярдаган: уюштуруу тобунун мүчөсү Ж.Душобаева