Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыйын болуп өттү

Жалал-Абад шаарынын “Спутник” кичи шаарчасынын №9 Р.Санатбаев атындагы инновациялык мектеп гимназиясында “Энелердин мектеби”, “Коомдук коркунучту алдын алуу”, “Жаш жеткинчектердин коопсуз келечегин түзүү” жана “Жыл жыйынтыгы” темасында жыйын болуп өттү.

Жыйынга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин өкүлдөрү А.Кенешбек жана А.Жолдошбаев, мектеп жамааты, ата-энелер, жергиликтүү тургундар, аймактык милициясынын коллективи, аймактык башкаруучу өкүлдөр, мечиттин имамы, санитардык эпидемиялык жана коомдук алдын алуу борборунун өкүлдөрү, ак сакалдар сотунун төрагасы катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин өкүлү К.Акунов сөз сүйлөп, жогоруда аталган маселелерди колдоорун билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитети