Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими - 2014» кароо сынагынын областтык туру Баткен шаарында 7-8-май күндөрү өткөрүлдү

 

Баткен шаарында 7-8- май күндөрү  «Жылдын мугалими – 2014» кароо сынагы болуп өттү. Кароо сынактын катышуучулары райондук жана шаардык мектептерден мыкты деп табылган жеңүүчү мугалимдер катышып, кароо сынактын жыйынтыгында Баткен шаарынын В.И.Ленин атындагы орто мектебинин тарых мугалими Тажибаева Турдужан жеңүүчү деп табылып, кароо сынактын  Республикалык туруна жолдомо алды.Катышуучуларга  Баткен областтык билим берүү усулдук борбору тарабынан Ардак грамота жана баалуу белектер тапшырылды.  Ошондой эле Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков катышуучуларды куттуктап, мугалимдердин укугун профсоз комитети ар дайым коргоо менен аларга колдоо көрсөтөөрүн айтып, кароо сынака катышкан 7 мугалимге ар бирине Ардак грамота жана алты миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды. 

 

 

 

Уюштуруу иштери боюнча адис:   К.Акимов