Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жумгал районунун мугалимдери жайкы эс алуусун ойдогудай өткөрүшүүдө

   Быйылкы жай  мурдагы жай мезгилдерине салыштырмалуу  аптаптуу ысыктын  илебине  арбынырак бөлөндү. Жай аптабында кол жээктеп эс алуу, жайлоонун таза абасында кымыз ичүү кимдин гана кыялында болбосун. Айрыкча тогуз ай бою келечек муунду татыктуу тарбиялоого болгон күч аракетин, дараметин жумшаган  билим берүү кызматкерлеринин чарчап –чаалыгуусуна сөз  жетпестир. Жумгал районунда эмгектенген билим берүү кызматкерлери мугалимдердин жана алардын балдарынын жайкы эс алуусун жеткиликтүү уюштуруп келет. Мугалимдер курорт –санаторийлерге жана көл жээгиндеги  эс алуу үйлөрүнө барып жайкы эс алууларын көнүлдүү жана кыялындагыдай эс алып келүүдө.

   Быйылкы жылдын жай айларында «Ысык –Ата» курортуна, «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийине, «Байтерек» жана «Ала-Тоо» эс алуу үйлөрүнө жалпысынан 96 мугалим эс алууга жөнөтүлдү.  Мындан тышкары  «Улан», «Маяк» жана «Келечек»  балдар лагерлерине мугалимдердин  балдарынан 50 бала көл жээгине барып эс алып келишти.

    Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан да райондук комитет тарабынан да Жумгал районунун  билим берүү кызматкерлеринин жана алардын балдарынын  эс алуусуна  жеткиликтүү жана ынгайлуу эс алуу шарттарын  уюштуруп, ден-соолуктарын чыӊдоого кам көрүп келишет.