Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жумгал районунун мугалимдери жайкы эс алуусун көңүлдөгүдөй өткөзүүгө жетишти.

Жумгал районунун мугалимдери жайкы эс алуусун көңүлдөгүдөй өткөзүүгө жетишти. Тоң айылында жайгашкан "Кызыл Гвоздика" эс алуу жайына райондон 55 адам : мугалимдер, техперсоналдар, ашпозчулар, тарбиячылар 5 күнгө жөнөтүлгөн.  Эс алуучуларга атайын тур уюштурулуп 1-күнү көл жээгинде көңүл ачышса 2-күнү Барскоон капчыгайына барып , шаркыратма бойлошуп, карагай аралай басышып,  көк шибердин үстүндө тамактанууга жетишишти. Үчүнчү күнү "Жомоктор өрөөнү" тоо тектирлерин кыдырышып, сыйкырлуу жаратылышка күбө болуп, сүрөткө түшүп, өзгөчө маанайда болушту. 4- куну Каджы-Сайда жайгашкан дарылык касиетке ээ минералдык суу менен толтурулган бассейнге барып түшүп, ден-соолуктарына кам көрүүгө жетише алышты.  Бешинчи күнүбүз спорттук иш-чара менен коштолуп, көйкөлгөн көл жээгинин көркүн ачтык. 
          Ар бир күн "Ыр-Кесе" менен коштолуп, оюн-зоок тартууланып, мугалимдердин черин жазууга профсоюз уюму тарабынан камкордуктар көрүлдү. Мыкты оюнчу, бийчи, ырчылар тандалып кызыктыруучу белектер ыйгарылды. 
 Мугалимдердин эс алуусун жогорку денгээлде уюштуруп берген профсоюз уюмунун кызматкерлери Абикова Назира Коноковнага жана Абдрашитова Гульшахрамга Жумгал районунун мугалимдер жамаатынан терең ыраазычылык билдиребиз!