Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жумгал районундагы конференция

2019-жылдын  26-апрель  күнү  Билим берүү илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Жумгал райондук комитетинде   отчеттук кайра шайлоо конференция өттү.  Райондук иш-чарага  Билим берүү илим кызматкерлеринин   профсоюзунун   Борбордук Комитетинин   төрагасы  Токтогулов Асылбек Токтогулович  катышты. Жыйында төрага  Асылбек Токтогулов  Кыргыз Республикасынын Билим, илим кызматкерлеринин  профсоюздук уюмунда жүргүзүлүп жаткан иштер, жетишкен ийгиликтер жөнүндө  кеӊири маалымат берди.

Конференциянын жүрүшүндө райондук комитеттин төрайымы Б.А.Джамантаева  5 жыл  ичинде аткарылган  иши жөнүндө тааныштырды. Текшерүү комиссиясынын билдирүүсү угулду.  Делегаттар активдүү позиция ээлеп, шайланып келген мектеп жетекчилер, бала бакчалардын башчылары, баштапкы уюмдун төрага, төрайымдары  райондук комитеттин иши жөнүндө жылуу пикир билдиришти.  Кайра шайлоо альтернатива коюлбай  өттү. Джамантаева Бегимкан Абировна  атаандашы жок, ачык–айкын, бир добуштан кайра шайланды.

 

Материалды даярдаган:

Жамантаева Бегимкан