Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖОЖ, АООЖ дор арасында өткөрүлгөн окуу – семинар

Ош  областтык  билим,  илим   кызматкерлеринин  профсоюз  комитети  тарабынан    уюштурулган   окуу – семинарга  анын  тейлөөсүндөгү   жогорку  жана   атайын  орто  окуу  жайлардын  профкомдору,  кадрлар   бөлүмүнүн   башчылары,  адистери,  бухгалтерлер,  техникалык  коопсуздукту  сактоо   инженерлери  катышышып  2015- жылдын  17- апрелинде   болуп  өттү.

 

 Окуу  - семинарды   айрыкча   укуктулукту   сактоодогу   айрым  кетирилип жаткан  мүчүлөштүктөргө  жол  бербөө,  эмгек  келишимдерин  түзүүдө  анын  мазмунуна,  мөөнөтүнө   көӊүл  буруу,  эмгекти  коргоо,  техникалык   коопсуздукту  сактоодо   иш  берүүчүнүн  жана  кызматкердин  жоопкерчиликтери,  бул  багыттагы    мыйзамдын  аткарылышы   жөнүндө   түшүндүрмөлөр  берилди.  Убактылуу  эмгекке   жарамсыздык,  кош  бойлуулук   жана  төрөт   боюнча  баракчалардын  толтурулушу,   жумушка  чыкпастан экинчи, үчүнчү  ирээт   катары  менен   төрөт  боюнча   өргүүгө  чыгууга  жөлөкпулдун   төлөнүшү жана   жамааттык   келишимдердин  мазмунуна   көӊүл  буруу,  окуу  жайлардын   өз  мүмкүнчүлүктөрүнө  жараша  айрым  жеӊилдиктерди  мисалы:  төрөт  боюнча   жөлөкпулдардын   абдан  аз  экендигин  эске  алып,  сүйүнчү   акча   белгилөө   зарылдыгын  киргизүү   өӊдүү  сунуштар  айтылды.  Эмгек  келишимин  түзүүдө  КР Өкмөтү  тарабынан   бекитилген  формадагы   баракчаларды   жана   башка  тийиштүү  усулдук  көрсөтмөлөр  катышуучуларга   таркатылып  берилди.

  Окуу - семинар суроо жооптор менен  толукталып  өткөрүлүп, өз максатына  жетти.

                            Ош  Областтык  профсоюз  комитети.