Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жол кыймылынын жаш инспекторлорунун райондук кароо сынагы

           Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда билим берүү уюмдары аркылуу окуучуларды жол-транспорт кырсыктарынан сактоо, алдын алуу боюнча МАИ кызматкерлери менен биргеликте кыйла иштер аткарылууда.

         Жакында “Жол кыймылынын жаш инспекторлорунун” райондук кароо-сынагы өткөрүлдү.

         Кароо-сынактын жыйынтыгында орундар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү.

1-орун – З.Бакиров атындагы орто мектеби

2-орун – С.Акбаров атындагы орто мектеби

3-орун – К.Юлдашев атындагы орто мектеби

4-орун – А.Абдукаимов атындагы орто мектеби  

         Ошентип, “Жол кыймылынын жаш инспекторлорунун” областтык сынагына З.Бакиров атындагы орто мектептин командасы катыша турган болду.

Профсоюздун Сузак райкомунун

 басма сөз катчысы: З.Киргизбаев