Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жогорку Кеңеш менен РФ Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча парламент аралык комиссиянын өкүлдөрү ОшМУда окутуучулар, студенттер менен жолугушту

27-апрель күнү Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын  жана КРнын Жогорку Кеңешинин депуттары  Ош мамлекеттик университети менен таанышышып, окутуучулар, студенттер менен жолугуп пикир алышты.  

Жолугушуунун жүрүшүндө ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков келген конокторду ОшМУнун 75 жылдык тарыхы менен тааныштырып жатып «Учурда университетте  эл аралык билим берүүдөгү  эң алдыңкы  тажрыйбалар, инновациялар өздөштүрүлүп, билим берүү технологияларын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Билим берүү экспортун өнүктүрүп жатабыз. Айрым багыттарыбыз, эл аралык акредитациялардан өтүүдө. Ош мамлекеттик университети учурда бардык структураларын модернизациялоо милдети алдына койгон университет. Университетте жаңы типтеги, таза, изденген, бизди эл аралык  таанымга ээ кыла ала турган жаңы структураларды ачуу тез темпте улантылып жатат”, -деди.

            Парламент аралык комиссиянын тең төрагасы, РФ Мамлекеттик Думасынын Коргоо боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Виктор Заварзин өз  сөзүндө окутуучуларга жана студенттерге кайрылып жатып Кыргызстан менен Россиянын бир нече жогорку окуу жайлары билим берүү тармагында кызматташып келе жактандыктарына токтолуп, студенттерге билимдүү, илимдүү болуу менен көп ийгиликтерди багындырууга болоорун айтты.

         Келген конокторго жыйындан соң Улуу Жеңиштин 70 жылдык урматына орус филологиясы факультетинин дүйнөлүк адабият кафедрасынын окутуучулары тарабынан даярдалган адабий-музыкалык кечеге тартууланды. Ошондой эле 28-апрель күнү саат 19-30да ОшМУнун башкы имаратында Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесине карата “Ата Журтту коргогондорго түбөлүк таазим” аттуу адабий-музыкалык жана эскерүү аземин даярданып жатышкан студенттердин согуш темасында ырларды хор ырдап жаткандыктарына күбө болушту.