Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖКнын депутаты К.Иманалиев ОГПИде

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгынын карата Жогорку Кеңешинин депутаты, саясат таануу илимдеринин доктору, белгилүү публицист, журналист жана акын-жазуучу Иманалиев Каныбек Капашович менен окутуучулар жана студенттердин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун башында  К.Иманалиев жылуу кабыл алган жамаатка ийгилик каалоо менен өзүнүн белек катары алып келген баалуу китептерин тартуу кылды. Андан соң “Айтматов жана биз” деген аталышта баяндама жасап, улуу жазуучубуздун бир топ өзгөчөлүктөрүнө, чыгармаларында катылган сырларга токтолду. Лекциянын жүрүшүндө лектор Айтматовдун жогорку масштабдуу көрөгөчтүүлүгү, гениялдуулугу, айкөлдүүлүгү, реалдуулугу, даанышмандыгы менен айырмалангандыгы жана чыгармаларында карапайым калк арасындагы жөнөкөй кыргызды калем менен дүйнөлүк баатыр кыргызга айлантып салуусу, бир да октун атылганын кошпой туруп апаат согуштун трагедиясын таамай сүрөттөгөндүгү, сүйүүнүн аруулугун, пакизалыгын жана улуулугун даңазалагандыгы, табият мыйзамында адам менен жаныбардын жашоого алган укугу бирдей экендиги жана кыргыздын менталитетине ылайык адеп-ахлак, нравалык тарбиянын өзөгүн чагылдыргандыгы тууралуу сөз кылды.

Иш чаранын экинчи бөлүгү суроо-жооп форматында уланып, эл өкүлү катышуучулардын бир нече түрдүү суроолоруна кызыктуу ары таасирдүү жоопторун берүү менен өзүнүн Айтматовдун ардактуу окурманы экендигин далилдей алды.

Жолугушуунун соңунда Каныбек Иманалиев окуу жай жөнүндө өз пикирин билдирүү менен студенттердин жөнөкөйлүк сапатына, гумандуулугуна, улууга болгон урмат-сыйына жана жамааттын аурасы жылуу экендигине баа берип өттү.

 

 

Материалды даярдаган Кубаныч Жылкычы уулу