Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жигердүү иштердин натыйжасы

 

2013-жылы мектеп окуучуларынын жайкы эс алуусу колго алынып, билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин жеке аракетинин натыйжасында мурда профсоюздардын Жалал-Абад облустук кеӊешинин балансында турган, кийин жеке менчикке сатылып кеткен «Сары-Челек» туристтик  базасында 100 мугалимдин балдары эс алып ден соолугун чыӊдоого мүмкүнчүлүк алышты.

     2014-жылы бул туристтик база «Сары-Челек» балдардын ден соолугун чыъдоо борбору болуп кайрадан уюуштурулуп, юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүп, Кыргызстан Профсоюздар Кеӊешинин  төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогуловичтин жардамы менен  мектептердин 84 окуучусу эс алып, ден соолугун чыъдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

     Мындан сырткары профсоюздун мүчөлүк акынын эсебинен жыл сайын кыргыздын бермети болгон Ысык-Көлдө 30-35 райондун алдынкы мугалимдери эс алып келсе, өлкөбүздүн кооз жана тарыхый жерлерине бир, эки күндүк саякат жасоо менен эс алгандардын жалпы саны 2050 түздү.

    Райондогу бардык баштапкы уюмдарда эки жана щч тараптуу келишимдер, макулдашуулар түзүлүп, алардын натыйжасында  билим берүү мекемелеринин окуу-материалдык базалары чыӊдалып, мугалимдердин социалдык-экономикалык кызыкчылыктары ишке ашырылууда.

    Ушул багытта 2014-жылы май айында Үч-Коргон айылдык окуругундагы А.Мешков атындагы орто мектептин базасында «Социалдык өнөктөштүк – ийгиликтин ачкычы» деген темада  облустук семинар профсоюздун райондук комитетинин көмөгү менен  өткөрүлдү.

 

    Аталган семинарга билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы К.Мурзакматов аппараты, райондук, шаардык профсоюздук комитеттердин төрагалары айылдык окуругдун жетекчилери, кошуна мектептин директорлору катышышты.

   Семинардын катышуучулары алгач мектептин түзүлгөн музейдин бай экспонаттары, окуу кабинеттеринин жабдылышы, аларда окуу-тарбия процессинин жүргүзүлүшү менен таанышып чыгышты.

   Иш чаранын экинчи этабында кеӊири талкуу уюштурулуп үч тараптуу макулдашуунун мыкты аткарылып жаткандыгы белгиленди.

 

 

Билим берүү жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун                                                     Аксы райкомунун төрагасы                                       А.Бабакулов