Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жигердүү иштөө менен маданияттуу эс алуу.

Окуу жылы жаңы эле башталгандай болгону менен аяктоо учуру дагы келип жетти.Быйылкы окуу жылында Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерде иш кадимкисиндей жигердүү болду десек жаңылышпайбыз.Келечек муундарына туура жол көрсөтүп  окуу менен тарбияны айкалыштырып иштеп келген  мугалимдердин эс алуу мезгили дагы жакындоодо. Таш-Көмүр шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин  алдына койгон иш-пландарына ылайык мугалимдердин жайкы эс алуусун жогорку деңгээлде уюштуруунун үстүндө иш алып барууда.Ошол иш чараларга ылайык алгачкы эс алуучулар жаратылыш коюнунда маданияттуу эс алууга жетишишти. Пайдалуу эс алуу мугалимдердин чыгармачылык ийгилигине дагы таасирин тийгизет деген ишеничтебиз.

Таш-Көмүр шаардык БББнө караштуу №14 Т.Шадыханов атындагы инновациялык-гимназия мектебинин жамааты биринчилерден болушуп жаратылыш коюнунда эс алууну уюштурду.

Баштапкы профсоюз бирлигинин башчысы Г.Жуманалиева өзүнүн пед.жамаатына пайдалуу  жана көңүлдүү эс алууну уюштуруп берди.

№14 Т.Шадыханов атындагы инновациялык-гимназия мектебинин мугалимдер жамааты кымыз ичүү менен ден соолуктарына кам көрүүшүдө.

№7 Кузембаев атындагы гимназия класстары бар жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалимдер жамааты үчүн мектептин профсоюздук баштапкы бирлигинин башчысы Б.Усенова жайкы эс алуунун жогорку деңгээлде уюштурулушуна  чоң көңүл буруу менен жаратылыштын кучагында эс алууну пайдалуу өткөруштү.

Кандай сонун Кыргызстан-асыл жерим,

Ак калпактуу сыймыктанаар менин элим.

Тоолору бар бийик асман тиреген,

Булбул,торгой,бүт канаттуу үн салган.

Кыргыз калкым кең пейилдүү адамдай,

Мейман келсе сыйын дайым жактаган.

Кичинекей жаратылыш багындай,

Кооз сымал жомоктогу дастандай.

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлумунө караштуу "Керемет "бала бакчасынын жамааты жаратылыш коюнунда. Бул жамааттын профсоюздун баштапкы бирлигинин жетекчиси Н.Зулпукарова жаш да болсо өзунүн  уюштуруучулук деңгээлин көрсөтө алды.Иш менен эс алууну айкалыштыруу демге- дем,күчкө -күч кошушу калетсиз

Кыргызстан-жашыл жери,жашыл бакча жергеси,

Жайыт төрү дан талаасы,сан байлыктын энеси.

Кен кзынасы,көл сулуусу,тунук суунун атасы,

Ак пейилдин,мартчылык,ырыскынын кемеси.

Таш-Көмүр шаары.Э.Эгизалиева.