Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жеткинчектердин салтанаттуу майрамы

     Кадамжай  районундагы Котормо айылына  караштуу Коксал-Топтан орто мектебинин 1-класстарынын алиппе майрамы бул жылы  өзгөчө шаӊдуу жана кызыктуу өттү.         Билим алууну алиппеден баштаган жаш жеткинчектер бир жыл ичинде үйрөнгөн билимдерин көрсөтүп, мугалимдерине жана келген ата энелерге арнап ыр-бий тартуулашып, аталган китеп менен салтанаттуу түрдө коштошушту.         Бул иш чара «Ыйман, адеп жана маданият жылынын» алкагында оөткөрүлүп жаткандыктан 1-класстын окуучулары ыймандуулукка, адептүүлүккө жана маданияттулукка үгүттөгөн сахналык көрүнүштөрдү эӊ жогорку деӊгээлде  аткарышты. Балдарга “А” тамгасын таанытып, көптөгөн түйшүк менен билим алууга жол ачып бергендиги үчүн башталгыч класстардын мугалимдерине ата-энелер тарабынан ыраазычылыктар айтылды. Майрамды өткөрүү райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан көзөмөлгө алынды. Мектеп жетекчиси жана мугалимдери эртеӊки күнүбүздүн, келечектин ээси болгон 1-класстын окуучуларына эӊ жакшы деӊгээлдеги “Алиппе” майрамын өткөрүүгө аракет кылышты жана бул иш чарага райондук билим берүү бөлуүмүнүн  усулканасынын усулчусу  Кожонова Айзада  катышып келди.