Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жетишкендиктерди бекемдейбиз!

       2017-жылдын 17-ноябрында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин пландуу түрдөгү II Пленуму өткөрүлдү.

Пленум күн тартибинде:

1.Обкомдун жана президиумдун курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндө.

 

2. Билим берүү, илим кызматкерлеринин жана студент жаштардын укуктук, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, эмгектин коопсуз шарттарын түзүү боюнча БКнын Баткен облусунда өткөн көчмө пленумунун (28.06.2017-ж.) токтомдорун турмушка ашырууда облустун бардык деӊгээлдеги профсоюз уюмдарынын милдеттери жөнүндө.

 

3.Алдыӊкы профсоюз кызматкерлерин сыйлоо.

 

4.Ар түрдүү маселелер каралды.

Пленумдун күн тартибиндеги негизги маселе боюнча обкомдун    төрагасы А.Исмаилов доклад жасады.

Анда Пленумдар аралыгындагы мезгилде жүргүзүлгөн иштерге ар тараптуу анализ берилди. Аткарылган иштер слайддар аркылуу чыгарылып, катышуучуларга жеткиликтщщ болду.

Негизги докладды талкулоо боюнча жарыш сөздөргө  билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов, Ала-Бука районундагы Ботоев атындагы мектептин директору К.Кутманова, профсоюздардын Жалал-Абад областтык кеӊешинин төрагасы З.Жусмаматовдор чыгып сүйлөштү.

Алар тармакта профсоюздук иштердин жүргүзүлщүү, анын мазмунун тереӊдетүү менен формаларынын ар түрдүүлүгүнө жетишүү боюнча аракеттерге токтолуп, иш-тажрыйбаларын ортого салышты. Ошону менен бирге билим берүү жана илим кызматкерлеринин облустук комитетинин пленумдар аралыгында жүргүзүп жаткан иштериндеги алгылыктуу жагдайларды, позитивдүү алга жылууларды да көрсөтүштү. Профсоюздук кыймылдын учурдагы актуалдуу маселелери боюнча да кеӊири сөз козголду.

Жасалган докладдын жана жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөрдүн ойлорун, пикирлерин эске алуу менен пленумдун токтому (айрым кошумчалар жана толуктоолор менен) кабыл алынды.

Пленумдун салтанаттуу бөлүгүндө, төмөндөгүлөр сыйланды:

                              I.            Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын Ардак Грамотасы менен:

           Исраилов Токтомуш Исраилович – профсоюздун Токтогул  райкомунун төрагасы.

               II.             «Билим жана илим профсоюздук кыймыл отличниги» төш белгиси менен:2. 

Эргешова Гулнура Абдувалиевна – профсоюздун Таш-Көмүр  шааркомунун төрайымы

              Нышанов Кубанычбек Калдарович -  профсоюздун Ноокен райкомунун төрагасы

 III.       Профсоюздардын Жалал-Абад областтык Кеӊешинин Ардак Грамотасы менен:

 Мирзахмедова Эльмира Сабиржановна – профсоюздун Көк-Жаӊгак   шааркомунун төрайымы

Каракозуева Айгүл Карыпбаевна – профсоюздун Кара-Көл  шааркомунун төрайымы

Сыйлыктарды обкомдун төрагасы А.Исмаилов жана профсоюздардын Жалал-Абад  областтык кеӊешинин төрагасы З.Жусмаматовдор тапшырышты.

       Ар түрдүү маселелер бөлүгүндө профсоюздун Чаткал райкомунун төрагасы Ы.Кудайбердиев, обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов, обкомдун эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча инспектору А.Айдаров, профсоюздун Аксы райкомунун төрагасы С.Камчыбеков, профсоюздун Майлуу-Суу шааркомунун төрайымы Б.Джураевалар өз ойлорун билдиришти.

       Пленумдун ишин обкомдун төрагасы А.Исмаилов алып барды жана бардык деӊгээлдеги профсоюз уюмдарынын алдында турган орчундуу милдеттерге токтолду.