Жети-Өгүз районундагы баштапкы профсоюз уюмдарынын арасында өткөрүлгөн Республикалык кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.
“Тармактагы адептүүлүктү жана укуктук маданиятты жогорулатуу боюнча иштерди мыкты уюштургандык” республикалык тармактык кароо-сынак КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан жарыяланган 2017-жыл – тармактагы адептүүлүк жана укуктук маданият жылынын алкагында профсоюз уюмдарынын арасында өткөрүлүп келди.
Сынактын жобосу 2017-жылдын март айындагы райондук профсоюз комитетинин президиумунда каралып баардык баштапкы профсоюз уюмдарына таратылып берилген. Кароо-сынактын райондук жыйынтыгы 27-ноябрда райондук профсоюз комитетинин кароо-сынакты уюштуруп-өткөрүү комиссиясы тарабынан “Республикалык 2017-жыл – тармактагы адептүүлүк жана укуктук маданият жылынын” райондук этабынын жыйынтыгы чыгарылып биринчи орунга Ы.Соорогбаев а.о.м баштапкы профсоюз уюму ( профкому Дуйшеева Венера Кадырбековна) , экинчи орунга Ж.Тынаев а.о.м баштапкы профсоюз уюму (профкому Асанкожоева Гүлмира Усенбековна), үчүнчү орунга Б. Исмаилов а.о.м баштапкы профсоюз уюму ( профкому Дилдеев Темиркул Аманатович ) татыктуу болушту. Жеңүүчү деп табылган баштапкы профсоюз уюмдарына Райондук профсоюз комитети тарабынан «Ардак Грамота» жана баалуу белектер тапшырылды.
Биринчи орунга татыктуу болгон Ы.Соорогбаев а.о.м баштапкы профсоюз уюмунун ( профкому Дуйшеева Венера Кадырбековна) иш-кагаздары кароо-сынактын Республикалык этабына катышуусуна карата райондук профсоюз комитетинин президиуму чечим кабыл алды.
Жети-Өгүз райондук профсоюз
комитетинин төрагасы: Ө Молдокматов