Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики

Центральный комитет профсоюза

работников образования и науки Кыргызской Республики

Профсоюз в регионах

Жети-Өгүз районунда 2019-2020- окуу жылы ийгиликтүү аяктады.

Жети-Өгүз районунда 2019-2020- окуу жылы ийгиликтүү аяктады.

Жети-Өгүз райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен окутуу-тарбиялоо иштеринде жакшы иш жүргүзгөн жүздөн ашуун мугалимдерге «Ардак Грамоталар» жасатылып, баштапкы профсоюз уюмдарынын токтомдорунун негизинде, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Максат Асанкожоев менен биргеликте тапшырылды.

Окуу жылында районубуз облусттук предметтик олимпиадада райондор арасында 1-орунду камсыз кылып, республикалык олимпиадага алты окуучу жолдомо алышты. Жыл сайын республикалык олимпиадага катышкан окуучулардын эжей-агайларына райондук профсоюз комитети тарабынан жайкы эс алуусу уюштурулуп берилет.

Райондук профсоюз комитети тарабынан окуу жыл ичинде окутуу-тарбиялоо иштерине, кароо-сынактарга жана коомдук иштерге активдүү катышкан билим берүү кызматкерлерине «Мугалимдер күнү», «Социалдык кызматкерлер күнү», «Жаңы жыл», « Акыркы коңгуроо» майрамдарына карата «Ардак Грамоталар» жана баалуу белектер тапшырылып келет.