Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жетелеген 95 жыл жарыкка, жаша ЖАМУ из калтырып тарыхта!

«2018-жыл - Региондорду өнүктүрү жылынын» алкагында жана ЖАМУнун түптөлүшүнүн 95 жыл, университет болуп түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлер арасында «Жетелеген 95 жыл жарыкка, жаша ЖАМУ из калтырып тарыхта !» аттуу кароо - сынак 2018-жылдын 27-апрелинде ЖАМУнун түптөлгөндүгүнүн 95 жыл, университет болуп түзүлгөнүнүн 25 жылдык салтанатында старт алып , ырааттуу улантылып келүүдө. 2018-жылдын 22-май күнү ЖАМУнун экинчи ЧАЗында Экономика-Юридикалык факультетинин, 1-июнь күнү медициналык колледждин , ал эми 7-июнь куну Табигый –техникалык факультеттин амааттарынын кароо-сынакка даярдаган иш чарасы факультеттердин баштапкы профсоюздук уюмдарынын уюштуруусу менен болуп өттү. Ишчара атайын бекитилген программа боюнча коюлду. Анда “ЖАМУбуздун кадыр баркын барктайлы да даңктайлы!!!” - деген ураан коюлуп, «Ааламга кеткен жол айылдан башталат» аттуу окуу жайдын түптөлгөнүнүнүн 95-жылдыгына арналган адабий музыкалын композиция менен “ЖАМУ-120 жашта” деген видиороликте тарых менен келечек айкалышып, Сахнада Кыргыз элининин белгилүү инсандары Темиркул Уметалиев, Жоомарт Бөкөнбаев, Муса Адышев, ж.б.,Р. Ачыловалардын создору суйлонуп, ырлары окулган, аларга билим ,тарбия беришкен Жалал-Абад кантонунун жооптуу катчысы Төрөкул Айтматов, Хусейин Карасаев, Гапар Айтиевдер сыяктуу улуу инсандар тууралуу маанилуу маалыматтарга бай сахналаштырылган инсцинировколар коюлду. Ошондой эле кароо-сынакта конулдуу ырлар ырдалып,, бийлер бийленип, конулдуу ырлар менен катар «ЖАМУ сен илимдинтиреги”, “ЖАМУ” деген хорлор ырдалды. Кароо-сынактын уюштуруу иштерине бардык болум, факультеттердин баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилери активдуу катышышып, ЖАМУнун пофкому жакындан жардам беруудо. Конкурс жыл бою улантылат, жыйынтыгы чыгарылып, женуучулор аныкталаарын кутобуз...