Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жолугушуу

2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп, Ноокен районун билим берүү тармагынан 40 билим берүү кызматкери  депутат болуп шайланышкан. 2021-жылдын 6-майында Ноокен райондук билим берүү бөлүмүндө билим берүү тармагынан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жолугушуу өткөрүлдү. Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов жергиликтүү кеңештерге депутат болуп шайлангандары менен куттукташты жана иштерине ийгилик каалашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү кеңештин депутаттарын билим берүү уюмдарынын ишин жакшыртууга өз салымдарын кошуу, жергиликтүү кеңештер менен байланышты чыңдоо, мектептердин материалдык базасынын өнүгүүсүнө көмөк  көрсөтүү, билим берүү тармагынын ишенимдүү таянычы,  мыкты  социалдык  өнөктөшү жана башка олуттуу маселелер боюнча иштиктүү пикир алышуулар болду.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров