Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жергиликтүү бийликтин билим берүү системасындагы ролу жана орду

2021-жылдын 26-февралында Таш-Көмүр шаарынын мэри Доулбеков Нурлан Турсуналыевич, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы, Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.К.Жоошбаев,бардык билим берүү мекеме кызматкерлери жана мектепке чейинки, мектеп, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоору талкууланды. Андан сырткары билим берүү тармагындагы жасалып жаткан иштер жана көйгөйлүү маселелер боюнча каралып, суроо-жооптор болду. Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмү шаар мэри Нурлан Турсуналыевичке жергиликтүү бийликтин билим берүү тармагындагы ролу жана орду жогору экендигин белгилеп, көрсөтүп жаткан камкордугу үчүн ыраазычылык билдирет.

 

Материалды даярдаган Э.Ж.Эгизалиева