Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жеңүүчүлөр менен сыймыктанабыз!

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №1 Олимпиадалык резервдеги  балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучу мугалими  Гулшанай Сатарова Малазия мамлекетинин Куала-Лумпур шаарында өтүп жаткан Эл аралык Гран-при жарышында алтын байгеге ээ болду.

Айта кетсек Г.Сатарова жеңил атлетика боюнча спорт чебери (Мастер спорта по легкой атлетике) Кыргыз Республикасынын чемпиону. Азия оюндарынын катышуучусу, Иран мамлекетинде өткөн Дүйнөлүк ислам оюндарынын жеңүүчүсү, Азиянын жабык имараттардагы жеңил атлетика боюнча чемпионатында күмүш медалынын ээси.

Эл аралык Гран-при жарышынын алдында  профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы К.Акунов машыктыруучу-мугалимдерди колдоп Ысык-Көл облусундагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясына ден-соолугун чыңдоого 20 (жыйырма) күндүк жолдомо менен жөнөткөн.

Азыркы учурда Г.Сатарова аталган спорт мектебинде жеңил атлетика боюнча балдарды тарбиялоодо.

 

 

Маалыматты даярдаган:

Жалал-Абад шааркомунун адиси М.Мамасыдыков