Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаз-Кечүү айылына электр энергиясы берилди.

Базар-Коргон  районунун  Кызыл-Үнкүр  айыл  аймагында жайгашкан  Жаз-Кечүү айылына көптөн күткөн электр энергиясын туташтуруу 2020-жылдын 01-сентябрында  болуп, салтанаттуу иш-чарага  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, ААК “Жалалабатэлектро” нун, Улуттук энергохолдинг башкармасынын, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчылары, жетекчилери, кызматкерлери  айыл  эли жана мугалимдер катышты. “Электр энергиясын туташтуруу” иш-чарасына келген жогорудагы мамлекеттик мекеме ишканалардын  жетекчилери, кызматкерлери жана меймандар Жазы-Кечүү айылына электр жарыгынын келиши менен  куттукташып, №48 М.Чыйбылов атындагы орто мектебинине окуу каражаттарын тапшырып, жакшы тилектерин айтышты. Жаз-Кечүү айылы 1930-жылдары түптөлүп, 1930- жылдан 2020-жылга чейин, 90 жыл электр энергиясы болгон эмес. Электр энергиясын айылга алып келүү оңойго турбады.   Көптөгөн арекеттер, талыкпай иштер менен ишке ашып, айылга жеткирилди.  “Аракет кылсаң береке болот”  дегендей  ушул иштерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, мамлекеттик ишканалардын  кызматкерлеринин, жетекчилеринин  жана  айыл тургундарынын салымдары  чоң экендигин иш-чарага катышкандар билдиришти. Ошондой эле электр маамычаларын  орнотуу,  зымдарын туташтуруу жана электр каражаттарын коюуда, эки  ай ичинде иштин ийгилигин көрсөтүшкөн  электриктердин  эмгеги өзгөчө  бааланды. Ушул күндү айыл эли, окуучулар, мугалимдер  көп жылдан бери күтүп келишкен. Электр жарыгы ар бир үйгө кирип,  жалпы айыл калкы сүйүнүшүп отурушкан  кези. Айрыкча мектеп окуучулары жана мугалимдер кубанычта. Райондон 110 км аралыкта жайгашкан, азыркы учурда  68 окуучу билим алып жаткан №48 М. Чыйбылов атындагы орто мектебине  электр энергиясы берилиши менен компьютерлер менен иштөө шарты түзүлүп, мектеп окуучуларына билим берүү жогорулайт, мектепте иш-кагаз иштери,  байланыштары   жеңилдейт. Баса белгилеп кетсек электр энергиясын алып келүүгө салым кошкон айыл тургундарынын, анын ичинен айыл башчы Замир Масиркулов, айыл аксакалы  Жолдошов Эсенгелди жана профсоюз мүчөсү №48М.Чыйбылов атындагы орто мектебинин директору  Чыйбылов Абдыкадыр  Токтосуновичтердин эмгектери зор болду.  №48 М.Чыйбылов атындагы орто мектебинин жаңылап,  жаңы мектеп курулушуна жана шарттарын  жакшыртуу  багытында жакшы  иштерди   жасап келе жаткан, мектептин директору   А.Чыйбыловтун  эмгектерине   күбө болуп келе жатабыз.Базар-Коргон  райкомунун  төрагасы  С.С. Жаркынбаев мектеп жамаатын электр энергиясын туташтырып берилиши менен куттуктап, профсоюз мүчөлөрүнүн салымдары зор экендигин айтып,  жогорудагыдай жетишкендиктер боло беришин каалады. Жалпы айыл тургундары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, мекеме ишканалардын жетекчилерине, кызматкерлерине жана меймандарга ыраазылыктарын айтышты.

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов