Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖАҢЫ ТӨРАГА

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук уюмунун отчёттук-шайлоо конференциясы болуп өттү. Райондук профсоюз комитетинин отчёттук мезгилде жүргүзгөн иштери тууралуу райкомдун төрагасы М.Э.Эпеев доклад жасады. Конференция текшерүү комиссиясынын отчетун укту жана жактырды. Ошондой эле конференциянын делегаттары райкомдун жана текшерүү комиссиясынын жаңы тутумун шайлады. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитетинин төрагасы болуп Залкарбек Керипбаевич Ажыбаев шайланды.

Ал 1975-жылы 21-мартта Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган. Кыргыз. Билими жогорку, 1996-жылы Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин физика  сабагынын мугалими адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1996-жылы Тогуз-Торо районундагы Макмал орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган. 2000-2002-жылдары ошол мектептин директорунун окуу-тарбыя иштери боюнча орун басары, 2002-2004-жылдары Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар боюнча адиси, 2004-2005-жылдары райондук балдар спорт мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, 2005-2012-жылдары райондук билим берүү бөлүмүндө башкы адис, 2012-2013-жылдары райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, областтык, райондук мамлекеттик администрациялардын Ардак грамоталары, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун отличниги төш белгиси менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыз тарбыялоодо.