Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы окуу жылына жаңы максаттар менен баралы

2016-жылдын 24-август күнү Масы айыл аймагынын маданият үйүндө Ноокен районунун билим берүү кызматкерлеринин «Август – 2016» райондук конференциясы болуп өттү. Ага алдыңкы мугалимдер, тарбиячылар, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары Н.А.Бекжигитова, райондук ишкана – мекемелердин жетекчилери,  жергиликтүү бийликтин, коомчулуктун өкүлдөрү, ата-энелер, жалпысынан 450 катышуучу  катышты.

      Конференциянын катышуучуларына жагымдуу маанай тартуулоо максатында мектеп мугалимдери, окуучулар жана бала бакчанын тарбиялануучулары тарабынан даярдалган чакан концерт менен башталды.

     Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.С.Козуев «Мектептик билим берүү боюнча мамлекеттин саясатын ишке ашыруу – жаңы контексттер жана жаңы чечимдер» урааны астында жүргүзүлүп жаткан иштер ошондой эле  жаңы окуу жылына карата пландарга токтолду. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, мугалимдер Кыргызстандын билим берүү тармагындагы жаңылануулар, алдыдагы милдеттер жөнүндө айтышып, коомчулук, ата-энелер, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте окуучуларга татыктуу билим берүү, билим сапатын көтөрүү жөнүндө ой бөлүшүштү. Конференция жаңы технологияларды пайдалануу менен замандын талабына ылайык өткөрүлдү.

     Өткөн окуу жылынын жыйынтыгы менен алдыңкы жамааттар №6 «Арал» орто мектеби «Жылдын мыкты мектеби» жана №14 «Нооруз» балдар бакчасы «Жылдын мыкты бала бакчасы» наамдарына татыктуу болуп, атайын белгиленген сыйлыктарга ээ болушту.     

      Ошондой эле өзгөчө билим берүү тармагына жакындан көмөк көрсөткөн айыл өкмөттөргө: Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Маматов М.Б, Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы А.Курманалиев, Кочкор-Ата шаарынын мэри Эгембердиев К.М., Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы  Э.С.Мамантаевдерге ыраазычылык каттар менен эстелик белектери тапшырылды. Жалпысынан 50 000 сомдук баалуу белектер берилди.

    Конференциянын соңунда Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин жаңы окуу жылына карата кайрылуусу бир добуштан кабыл алынды. Салтанаттын катышуучулары  окуу жылын баштоо үчүн жаңы күч, жаңы дем менен жемиштүү иштөөнү алдыларына максат кылып  кетишти.  

 

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси,

Ноокен райБББнн пресс-ктачысы:                                                           Г.Андарова