Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы окуу жылына даярдык

    2017-жылдын 22-август күнү район боюнча мугалимдердин окуусу өткөрүлдү. Райондун мектеп балдар бакчаларынан болуп жалпысы 914 мугалим тарбиячылар № 1 Т.Балтагулов атындагы орто мектебине жыйналып окууну  билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ч.Турдукулова ачып кыскача ийгиликтерге токтолуп жаңы окуу жылында мугалим, тарбиячылардын иштерине ийгиликтерди каалап быйылкыдан да жакшы жетишкендиктер болуусуна тилектештигин билдирди. Андан кийин мугалимдер окуу предметтери боюнча бөлүнүп биринчи жарым жылдык боюнча окуу програмасын жана жер жерде өтүүчү семинарлардын пландарын талкуулашты. Баштапкы кесиптик уюмунун төрага (айым)дары да бир топ маселелерин чечип алганга жетишти техникалык коопсуздукту сактоо боюнча семинарлар пландаштырылды , профсоюздук кызматкердин этикасы боюнча кеңири талкуулар болду.