Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаӊы мектеп пайдаланууга берилди

    Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Ак-Чий айыл аймагына караштуу Качыбек атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи областтык деңгээлде болуп өттү.

    Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Улан Дөкөнбаев салтанаттуу аземди ачып, андан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ошондой эле Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев, Каракол шаарынын мэри Д.Арпачиев, Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дорбаев жакшы каалоо тилектерин айтып өтүштү.

    Качыбек айылында жаңы мектепти куруу иши 2011-жылы  башталган. Курулуп бүткөрүлгөн окуу имараты 240 окуучуга ылайыкталган. Долбоор боюнча 54 миллион сом менен толук аяктап, 2017-жылдын 24-октябрында ишке берилди. Мындан тышкары «Арис» программасынын алкагында 9,5 миллион сомго мектептин спорт залы курулуп бүттү. «Хелветас» долбоорунун көмөгү аркасында 3 миллион 330 миң сомго мектепке таза суу киргизилди. Ысык-Көл областтык өнүктүрүү фондусунун эсебинен 240000 сомго мектептин ашканасы толугу менен жабдылды.

     Салтанаттуу иш-чарада мектептин окутуу-тарбиялоо ишинде алгылыктуу ийгиликтерди көрсөтүшкөн, курулуш иштерине көмөк көрсөтүшкөн профком А.Мусаева менен профкомдун мүчөсү Ж.Асанова  билим берүү жана илим  кызматкерлерпрофсоюзунун Борбордук комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

     Келечек ээлерине көрүлгөн мына ушундай камкордуктар үчүн жергиликтүү тургундар, ата-энелер Өкмөткө тереӊ ыраазычылыктарын билдиришти.

 

                                                                                  Айжан Төрөева,

Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин башкы адиси