Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы мектеп-жакшылыкка жөрөлгө

    Жаңы мектеп-жакшы тилек,  жан жибиткен үмүт жүрөт демекчи жакында Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин катышуусу менен Чекилдек айылында  жалпы сметалык баасы 51 млн сомдук 150 орундуу  окуучулар үчүн баардык шарттары бар К.Темиров атындагы орто мектебинин жаны имараты ачылып, мамлекет башчыбыз 20 ноутбук жана проектор алуу үчүн сертификат тапшырды.  Бул жакшы ишке улай Т.Темирова атындагы орто мектебинде 12 млн сомго спорт зал курулуп, 1 млн 600 мин сомго жылытуу системасы, 1 млн 300 минге мектептин айлана тегерегин оңдоп түзѳѳ иштери жүрүп жатса, С.Омүрбаев, Абылгазы уулу Ишеналы, Ү.Бейшеев атындагы орто мектептеринин  курулуштары кызуу жүрүп жатат. Мындан тышкары  Кѳк-Жар орто мектебинин  каалга, терезелери 3 млн сомго  алмаштыруу иштери аяктады, ал эми К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин 8 млн сомдук капиталдык ремонт иштери аяктоо алдында турат.