Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы имарат

  Жети-Өгүз районунда  2017-жылдын апрель айында Жон-Булак айылындагы    Курманбеков  атындагы орто мектебинин,     ал эми  ноябрь айында  Кызыл-Суу айылындагы     Э.Гапаров атындагы орто мектебинин  жаңы имараттары,   спорт залы  менен    салтанаттуу ачылды. 

       Э.Гапаров атындагы орто мектебинин  жаңы имараттын   ачууга   КР Жогорку Кеңешинин  депутаттары  Д.Аттокуров,  Молдобекова,  КР билим берүү жана илим министрлигинин стат- катчысы  К.Шадыканов, КР Өкмөтүнүн  Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу  өкүлү  У.Жылкыбаев, орун басары  Э.Усенова  Жети-Өгүз райондук мамлекеттик админстрация  башчысы-аким  К.Джудеев, райондогу мекеме- ишканалардын жетекчилери,  райондогу  мектеп, мектепке чейинки  жана мектептен тышкаркы  мекемелердин жетечилердин катышуусунда  салтанаттуу ачылды.  Бул     

     Районубузда   окуучулардын билим  алуусуна  жана мугалимдердин иштөөсүнө  шарттар түзүлүп,       2014-жылдан бери  жаны  типте салынып, ички эмеректер менен камсыздалып  ишке берилген мектептердин саны  9  жетти.                          

 Аларга:

-Барскон айылындагы  Чылабаев а.о.м

-Чоң-Жаргылчак  айылындагы  Чон-Жаргылчак  о.м

-Светлая-Поляна  айылындагы  Алыбаков а.о.м

-Боз-Бешик айылындагы  Желдеңбаев а.о.м

-Мундуз айылындагы  Байбеков  а.о.м

-Богатыровка айылындагы  Богатыровка а.о.м

-Ырдык айылындагы  Юсуп-Хозрет а.о.м

- Жон-Булак  айылындагы  Курманбеков  а.о.м

-Кызыл-Суу  айылындагы  Э.Гапаров  а.о.м

Районубуздагы  40 мектептин   90 пайызы  типтүү  имаратта  окушат. Жаңы  салынган мектеп жабдуулар  менен камсыз болушту.

 

Жети-Өгүз райондук профсоюз    

  комитетинин төрагасы:                                        Ө Молдокматов