Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы жылдын башталышындагы жакшы саамалыктар

Балдарга сүйүнүч тартуулаган жаңы бакчалар.

2021-жылдын 15-январында Алай районунда жаңыдан бүткөрүлгөн эки бала бакчаларынын ачылыш аземдери болуп өттү.

Балдарга сүйүнүч тартуулаган жаңы балдар бакчаларынын ачылыш салтанатына Жогорку Кеңештин депутаттары У.Б.Примов менен Ж.К.Акаев, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким А.Болбур уулу, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.О.Мусаевдер баш болгон жетекчилер, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айыл тургундары, ата – энелер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Алгач Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа – Тектир айылында 90 орундуу №35 «Арпа- Тектир» балдар бакчасы ачылып кубаныч тартуулады.

Бакча республикалык бюджеттин эсебинен 14 млн. 738 миң 6025 сомго ЖЧК «Адис - Алай» тарабынан бүткөрүлдү.

Ал эми бакчанын бүткөрүлүшүнө айыл тургундары 441110 сом жана 200 доллар жардам беришкен.Бакчанын ички, сырткы жасалгаларына бакча кызматкерлери 112 миң сом, айылдык атуулдар К.Дөөлатов, Н.Арстанов, Н.Өмүрбек уулу 91100 сом салым кошушкан.

Коңур-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан (айыл өкмөт башчы А.Азимжанов) бакчанын катуу жана жумшак эмеректерине, идиш – аяктарына – 238850 сом жардам берилген.

Жаңы жылдын башталышындагы мындай камкордуктарыүчүн айыл ак сакалдары, айыл тургундары, жалпы жамаат ыраазычылыктарын билдиришти. 

Ушул эле күнү К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Терек айылындагы №34 «Терек бүчүрү» балдар бакчасынын ачылыш аземи болду. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары У.Б.Примов, Ж.К.Акаев, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким А.Болбур уулу, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.О.Мусаев, айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаев баш болгон жетекчилер, айыл тургундары, жалпы ата – энелер, Терек айылынан чыгып алыс жакында иштеп жүргөн атуулдар катышып, сүйүнүчтөрүн тең бөлүшүштү.

Бала бакчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 17 млн сом сарпталды. Алай өнүктүрүү фондунан бакчанын жаслгаларына115 миң сом, идиш аяктарына 85миң сом бөлүнүп берилип толук бүткөрүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаты У.Примов бакчанын килемдерин жана паластарын касыздап 70 миң сом каражат бөлүп берди, коомдук ишмер А.Келдибеков бакчанын катуу жана жумшак инвентарлары менен камсыздалышына 100 миң сом каражат берди.
Ошондой эле бакчанын кем карчтарын бүткөрүүгө айыл өкмөтүнүн бюджетинен 228 миң сом жардам берилди. Ал эми айылдагы «Бермет эне» коомдук фонду балдарга 6 миң сомдук жаздыктар менен камсыздады. Мындай колдоолор активдүү айыл тургундары тарабынан да болуп ыраазычылыктарын билдиришти.

Ачылыш аземинде Алай райондук мамлекеттик администрациясы, райондук билим берүү бөлүмү жана райондук профсоюз комитети, айыл өкмөтүндөгү мекемелер өздөрүнүн арнаган белектерин тапшырышты.

Акылбек Куна уулу, редактор