Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы жылдык балаты майрамы

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин жаңы 2022-жылды тосуу боюнча пландаштырылган иш-чараларынын алкагында кызматкерлердин жаш балдарына арналган жаңы жылдык балаты майрамы кичинекей бөбөктөр үчүн чоң белек болду. Салтанаттын ачылышы кичинекей бийчилердин тамашалуу бийи менен башталып, медициналык колледждин студенттери тарабынан даярдалган “Сыйкырдуу балаты” жомогу көрсөтүлдү. Жомоктордун каармандары, Аяз Ата, Аяз Кыз, шаңдуу музыка жана жасанган балаты майрамдын көңүлдүү өтүүсүн камсыз кылды. ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрайымы майрамга катышкан 200дөн ашык баланын ар биринне оюнчуктарды тапшырып, ата-энелер да ыраазы болуп кайтышты. Жаңы жылыңыздар менен!!!

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова