Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы профсоюз мүчөлөрү кабыл алынды

2022-жылдын 9-ноябрында Аксы районундагы №36 «Алтынгүл» мектепке чейинки балдарга билим берүүчү, 100 оорундуу балдар бакчасы ачылып, ал жерде эмгектенген жумушчулар профсоюз уюмуна кабыл алынды.

Райкомдун төрагасы С.Камчыбеков чогулуш өткөрүп №36 «Алтынгүл» балдар бакчасында эмгектенген кызматкерлерге профсоюз уюмунун милдеттери жана талаптары жөнүндө түшүндүрүп, добуш берүү жолу менен алардын төрайымын жана анын мүчөлөрүн шайлады.

Ошондой эле Авлетим айылында №35 «Анар» балдар бакчасы ачылып, ага да райкомдун төрагасы С.Камчыбеков катышып, ал жерде иштеген кызматкерлерди профсоюз уюмуна кабыл алып, алардын төрагасын жана мүчөлөрүн шайлап келди.

 

Маалыматты даярдаган: Аксы райКБКнын техникалык инспектору Н.Касымов