Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы окуу жылыңыздар менен!!!

Мына, узакка созулган эс алуулар аяктап, айлана теребел шаңга бөлөнүп, мектептерде гүл дестелерди кучакташкан жаш балдардын күлкүлөрү жаңырса,  окуу жайларда , биздин  ЖАМУда  да өзгөчө маанай!...                                                                                               

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН! Урматтуу кесиптештер!

Жалал –Абад мамлекеттик университетинин кызматкерлери    окуу жайдын жетекчилиги жана профсоюздук комитеттин ующтуруусу менен мүмкүн болушунча  көнүлдүү эс алып, ден соолугун чыңдап жаркын маанайда жаңы  2019-20-окуу жылын баштап отурушат.

2-сентябрь күнү ЖАМУнун бардык факультеттеринде, колледждерде  жаңы окуу жылынын башталышын  белгилеп, салтанаттуу иш чаралар уюштурулду. Анда окуу жайдын ректору профессор К.Ж.Усенов, профсоюздук комитеттин төрагасы К.М.Болотбеков баш болгон проректорлор, атайын бөлүмдөрдүн жетекчлери, факультеттердин декандары, институт, колледждердин директорлору, студенттердин ата-энелри катышышып, куттуктоо сөз сүйлөшүп, кызматкерлерге, студенттерге каалоо тилектерин айтышты. Ал эми жаңы кабыл алынган студенттер үчүн өзгөчө куттуктоолор айтылып, жогорку курстардын студенттери ЖАМУнун артыкчылыктарын белгилөө менен азыркы учурдагы интелектуалдык атаандаштыкта университетибиздин баалуулуктарын сактоо менен, эң мыкты ийгиликтерди жаратуу аркылуу аларды  байытуу милдетин татыктуу аркалоону тапшырышты . Салтанатта студенттердин ата-энелери да куттуктоо сөз сүйдөшүп, профессрдук-окутуучулук курамга  ары татаал, ары түйшүктүү , ары сыймыктуу иштеринде ийгиликтерди каалашты.       

Жаңы окуу жылыңыздар менен!!!

                                                                                                                                             

                                                                                                                                              Даярдаган: Н.Баитова