Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы окуу жылына жаңы балдар бакчасы

Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Ак-Жол айылында 2021-жылдын 11-сентябрында тарыхый кубанычтуу иш-чара болуп өттү. Айылда жаңы окуу жылынын алдында жаңы 50 орундуу бакчанын ачылыш аземи болду.

Балдар бакчасы Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аксы райондук комитетинин бухгалтери Т.Султанмуратовдун үй-бүлөсүнүн каражатынын эсебинен курулду, эмеректер менен жабдылып айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилди. 

Анын ачылыш аземине Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов жамааты менен катышып,  айыл элин жаңы балдар бакчасынын ачылышы менен куттуктап, белегин тапшырды.

Айыл эли Т.Султанмуратовдордун үй-бүлөсүнө ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган:  Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров