Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы окуу жылына карата даярдык иш-чаралары

Таш-Көмүр шаардык билим  берүү бөлүмүнө караштуу Н.Островский атындагы № 1 орто мектепте “Аркус”басмасынын методисттери тарабынан билим берүү процессинде окуу китептерин жана окуу куралдарын пайдалануунун  натыйжалуулугун жогорулатуу максатында  мектептердин башталгыч класстарынын  мугалимдерине (окутуу кыргыз, орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн) маалыматтык жана методикалык семинар өткөрүлүп, шаардык жана бардык мектептердин усулдук бирикме  жетекчилери жана ШБББнүн окуу-усулдук кабинетинин усулчулары катышты.

“Аркус” басмасынын методисттери катышуучуларга окуу китептерин басып чыгаруу тармагындагы жаңылыктар, актуалдуу маселелер жөнүндө маалымат беришти, ошондой эле жаңы окуу басылмаларынын методикалык өзгөчөлүктөрү менен тааныштырды.

Семинар мазмундуу, пайдалуу жана жогоркуу деңгээлде өткөрүлгөндүгүн белгилеп, уюштуруучуларга ШБББнүн атынан ыраазычылык билдиребиз.   

 

Маалыматты даярдаган: Таш-Көмүр шаардык КБКнын төрагасынын милдетин аткаруучу Б.Деванаева