Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы мектептер эшигин ачты

Аламүдүн районунда 2021-2022-жаңы окуу жылына карата бир нече мектептин жаңы имараттары окуучуларга эшиктерин ачты.

Тойчу Актанов атындагы Кашка-Суу жалпы билим берүү орто мектебинин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин Төрагасы У.А.Марипов катышып, 11-класстын окуучуларына Кыргыз Республикасынын  эгемендүүлүгүнө  арналган сабак өттү. Сабакта балдарды талбай билим алууга, чет тилдерди өздөштүрүүгө, маданиятка, адеп-ахлакка,  каада-салтка көңүл буруп,  алдыга максат коюп жашоого  жана ага жетүүгө чакырды. Ал эми КР Билим берүү жана илим министринин орун басыры  Н.С.Жусупбекова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Э.С.Тентишевдер да окуучуларга сабак өтүштү, алардын көптөгөн суроолоруна жооп беришти.

2021-жылдын 18-сентябрында райондун Октябрь айыл аймагына караштуу Торойчу айылында да кубанычтуу окуя болду. Демөөрчүлөрдүн салымы менен курулган “Аманат” Октябрь жалпы билим берүү мектеби пайдаланууга берилди, эми окуучулар бардык шарттары бар окуу жайынан билим алышат.

 

 

Маалыматты даярдаган: Аламүдүн райондук КБКнын төрайымы Б.Намазбекова