Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы мектеп ачылды

Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүнүн У.Абдукаимов атындагы №8 орто мектебинин 275 орундуу жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Мектептин ачылышына КРнын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т.Сыргабаев,Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Ж.Сыдыкназаров,райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Ш.Тажидинова, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Д.Орозалиев, Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Маматовдор катышышты.

Мектептин курулушуна 48 миллион сом жумшалды. Жаңы талапка ылайык курулган мектепте бардык шарттар бар. Жаңы окуу куралдары жана эмеректер менен толук жабдылган.

 

Маалыматты даярдаган: Сузак райондук кесиптик бирлик комитетинин адиси М.Примкулов