Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы кылымдын жолу

“Жалал-Абад- Балыкчы” жолу Кыргыз мамлекетинин келечек өнүгүүсүнүн жолу болуп, аймактардын өнүгүүсү үчүн чоң өбөлө түзүшүн өзүбүз көрүп чексиз кубандык.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин “ Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата иш-чараларынын негизинде Тогуз-Торо районунда 2018-жылдын 16-18-июлу күндөрү өткөрүлгөн облустук семинардын алкагында “Жалал-Абад-Балыкчы” жолунун курулушу менен тааныштык.

Жолдун курулушундагы Тогуз-Торо районунун аймагындагы Нарын дарыясына курулуп жаткан 30 метр бийиктиктеги көпүрө, 3015 метр узундуктагы тоннелдин курулушу семинар катышуучуларын таң калтырды.

Жол келечекте аймактардын өнүгүүсүнө, кыргызстандыктардын бакубат жашоосуна баа жеткис байлык экендиги катышуучуларды жаңы иштерге шыктандырды.

Семинардын катышуучулары экскурцияны уюштурган профсоюздун Борбордук  жана облустук комитеттерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Материалды даярдаган:Обкомдун инспектору-А.Айдаров.