Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаӊы долбоор жаштарга колдоо көрсөтөт

Ак-Суу районундагы «Аздек-Нур» коомдук бирикмеси 2017-жылдын декабрь айында түзүлгөн. Коомдук бирикменин ишинин негизги максаты билим берүү тармагына колдоо көрсөтүү жана айыл элинин социалдык абалын өнүктүрүүгө салым кошуу. Бүгүнкү күндө аталган коом ар тараптуу иш жүргүзүп келүүдө. Атап айтсак Маман айылында улгайган адамдарды колдоо максатында  «Шайыр апалар» тобу түзүлду жана алар жыл ичинде ар кандай иш-чараларга катышышты.

Азыркы учурда Маман айылында Евросоюздун каржылоосу менен «ООН Женщины», «Хелп Эйдж Агенты перемен» уюмдарынын биргеликте уюштурган «Муундар арасындагы байланышты бекемдөө менен гендердик зордук-зомбулуктун алдын алуу» долбооруна катышып, улуу жана орто муундагы адамдар жаштар, мектеп окуучулары менен бирге зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча ар кандай семинарларга, уюштуруу иш-чараларына катышып жатабыз.

Германия кызматташтыгынын  GIZ  өкмөттүк эмес уюмунун жаштар боюнча долбооруна катышып биздин уюм даярдап сунуш кылган «Тигүү цехин иштетүү аркылуу жаштарды жумуш менен камсыз кылуу»  жана «Билим берүү кызматтарын көрсөтүү менен жаштарды кесипке багыт берүү» долбоорлору жеӊүүчү деп табылып үч жүз сексен миӊ сом өлчөмүндө грант утуп алдык. Бул долбоорду колдоо максатында Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылдык кеӊешинин чечими менен айыл өкмөтүнөн отуз миӊ сегиз жүз сом бөлүнүп берилди жана райондун борборундагы Балдар билим берүү борборунан атайын бөлмө бөлүнүп, тигүү цехи менен бирге компьютердик класс ачылып жаӊы долбоордун иштерин баштап жатабыз.

Долбоордун негизги максаты жаш аялдарды иш менен камсыздоо, жаштарга ар кандай кесиптик окууларды уюштуруп берүү менен алардын социалдык абалдарына жараша колдоолорду көрсөтүү  жана ар кандай кайрымдуулук жардамдарды берүү. Үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында райондун борборунда бул долбоорлордун атайын ачылышын жасап, иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы, аким Дөкөнбаев Улан Ишенбаевич, Теплоключенка айыл өкмөтүнүн башчысы Көбөнбаев Талант Шайлообекович, айылдык кеӊештин төрагасы Темиров Эрнис Акунович, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары  Шамиев Анарбек Мусаевич жана  мектеп жетекчилери, социалдык кызматкерлер катышышты. Бийлик адамдарынын биздин иш-аракеттерибизди колдоого алып жакшы каалоо-тилектерди айтышкандыгы жана жылуу мамилеси бизди абдан кубандырып, мындан ары да тынымсыз аракеттерди көрө беррибизге, шыгыбызга шык кошту.

Айнур Өмүрканова,

Коомдук бирикменин жана долбоорлордун  жетекчиси,  Ж.Ашубаев атындагы Маман орто мектебинин социалдык педагогу, айылдык кенештин депутаты.