Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы чакырыктар - жаңы бийиктиктер

2022-жылдын 27-августунда Кызыл-Суу айылындагы Б.Ибраев атындагы маданият үйүндө 2022-2023-окуу жылына карата "Жаңы чакырыктар - жаңы бийиктиктер" аттуу август семина кеңешмеси болуп өттү. Семинар кеңешмеге райондук мамлекеттик администрация башчысынын-акимдин орун басары Венера Бейшебаева, Жети-Өгүз райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы, Ысык-Көл облусу боюнча билим берүү тармактарынын кесип бирликтеринин кординатору Өмүрбек Молдакматов, Саруу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Алишер Нурбек уулу, райондук миграция, эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Сыдык Абдыгалыков жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, аппарат кызматкерлери, райондогу билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышып, жетекчилер мектеп мугалимдерине жана бала бакчылардын тарбиячыларына куттуктоо, каалоо-тилектерин жолдошту.

Август кеңешмесинин катышуучуларына райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Максат Асанкожоев тарабынан 2021-2022-окуу жылындагы аткарылган иштер, андагы жетишкендиктер  жана ийгиликтер боюнча маалымат берилип, эмгек алдынкыларына сыйлыктар тапшырылды.

Жети-Өгүз району боюнча 2021-2022-окуу жылында 40 мектеп, 1 мектептин филиалы, 1 жеке менчик мектеп, 16 мамлекетти, 2 жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдары иш алып барышты.

Мектептерде 1405 мугалим, бала бакчаларда 126 тарбиячы эмгектеништи. Ал эми 1-11- класстарда 18456 окуучу окуп, билим сапаты 49 % түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 2,8% өсүүш болду. Бала бакчаларда 2268 бала тарбияланды.

2022-2023-окуу жылына карата электрондук каттоо жүргүзүлүп, 1-класска 1800 дөн ашуун окуучу келери күтүлүүдө.                                                      

 

Маалыматты даярдаган: Жети-Өгүз райКБКнын төрагасы Ө.Молдокматов