Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаӊы бала бакча ачылды

Тогуз-Торо районунун  Көк-Ирим айыл аймагына караштуу Бирдик айылында заманбап бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган жаны  50 балага ылайыкталган “Актан” бала бакчасынын ачылышы болду. Ачылышка райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Айбек Карыбекович, “АРИС” уюмунун райондогу өкүлү Н.Рыспаев, Швейцария өкмөтүнүн “Хелветас” уюмунун өкүлү Лидия Будиса, Көк-Ирим айыл аймагынын башчысы К.Эпеев, райком профсоюздун төрагасы З.Ажыбаев  катышып, жаны бала бакчанын ачылышы менен куттукташты. Бул бала бакчанын курулушу Көк-Ирим айыл өкмөтү тарабынан “АРИС”ке долбоор өткөрүлүп, 14 млн 300 мин сомго имараты курулган.  Ал эми бала бакчанын ички эмеректерин “Өнүктүрүү саясат институту” менен биргеликте Швейцария өкмөтүнүн “Хелветас” уюму аркылуу 2млн 275 мин сомго толук жабдылган. Бала бакчанын курулушуна колдо көрсөткөн “АРИС”, “Хелветас” уюмударынын өкүлдөрүнө Көк-Ирим айыл аймагы тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды. Айыл тургундары бала бакчаны куруп берген “АРИС”, “Хелветас” уюмдарына терен ыраазычылыктарын билдиришти.

Тогуз-Торо райком профсоюзу

 

Материалды даярдаган: Ажибаев Залкарбек