Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы 2018-2019-окуу жылына карата даярдык

Быйылкы окуу жылына даярдануу жана август мугалимдердин кеңешмесин өткөрүү  бардык мугалимдер үчүн эң маанилүү жана жооптуу иш экени маалым. Мыкты мугалимге соңку мезгилде китеп-доска-бор гана жетиштүү болгон болсо ал эми азыркы учурда замандын агымынан, технологиянын өнугүүсүнөн артта калбоо жана инновациялык методдордун наватору болуу зарыл,ошондой эле милдети. Анткени коомдун мугалимдерге койгон талабын аткаруу ушундан көз каранды эмеспи. Мугалимдер тарбиялаган инсан келечекке кесипкөй, практика менен теорияны айклыштыра билген болушу милдет. Ушундай максаттарды негиз кылуу менен алгач мектептерде профсоюз уюмунун баштапкы бирликтеринин ролу чоң. Таш-Көмүр шаарындагы бардык мектептеринде шаардык жана областтык август кеңешмесин утурлай мектептерде профсоюз уюмунун төрагалары эмгек жолун жаңы баштаган жаш адистер менен тажрыйбасы мол насаатчылар менен тегерек столдорду өткорүшүп, эмгек акы, келишимдер, министрликтин буйруктарын, окуу пландарды талкуу иретинде отурумдарын өткөрүштү.

№3 Тоголок молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюз уюмунун торайымы Молдалиева Гүлжайна Жүкүевна мектептеги ардагер мугалимдер менен жаш адистердин өз ара пикир алышуусун жана жаш адистердин эмгек жолу үчүн алгачкы жол көрсөтүү иретинде жолугушууну өткөрдү.

№3 Тоголок Молдо атындагы орто мектебинин профсоюз уюмунун төрайымы

Мектеп жаматыынын насаатчылар менен жаш адистердин ортосундагы пикир алышуу учуру

Жаш адистер менен бирдикте

Молдалиева Гүлжайна Жүкүевна-профсоюз уюмунун төрайымы

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн мугалимдеринин август кеңешмесиндеги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тегерек стол үстүндөгү жолугушуусу.

Шаардык кыргыз тили жана адабиятынын усулдук бирикмесинин жыйын учурунда.

Усулдук бирикменини башчысы Г.Керимбекова август кеңешмесин өткөрүүдө.

Жалал-Абад облустук мугалимдердин август кеңешмесинин катышуучулары