Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаштарга мүмкүнчүлүк

«Орто мектептин окуучуларына STEM боюнча билим берүү»  долбоору Бишкек жана Ош шаарларынын 10 пилоттук мектеби менен иштеп баштады. Долбордун  жетекчиси Жылдыз Акназарова. Бул долбоорго 5-7 класстын 60 окуучусу конкурстун негизинде тандалган. Азыркы күндөрдө балдар комьютер сабатын жогорлотуу боюнча жана критикалык ой жүгүртүү, кызматташ болуу, коммуникация жана креативдүү машыгуу боюнча тренингтерди өтүп жатышат. Мындан тышкары балдар англис тилин үйрөнүшөт жана лидерлик сапатты өркүндөтүү, бизнести ийгиликтүү жаны баштоо, жана чет өлкөгө окуганга даярдануу деген темаларда мастер класстар өткөрүлөт. Бул долбоор балдарга кантип туура келечектеги кесибин тандап  алса болот деген багыттоо берет. Келечекте колледжде, университетте, жана коомдо ийгиликтүү инсандар болуп чыгышат. Бул долбоор информациялык технологиялары жана инновация тармагындагы жаӊы муундардын лидерлерин даярдайт. Долбоор Кыргызстандагы АКШнын Элчилиги кааржылайт жана АКСЕЛС эл аралык коому башкарат. Smart Generation in Action фонду долбордун партнеру.

 

Тереӊ урматтоо менен,

Жылдыз Акназарова