Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаштар күнүнө арналган семинар

2021-жылдын 11-ноябрында Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу №16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинде жаштардын областтык семинары болуп өттү.

Семинарга кесиптик бирликтин Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов, жооптуу кызматкерлери А.Бегматов, А.Айдаров, З.Сулайманов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев жана райшааркомдордун жаштар кенешинин жетекчилери катышты.

Кесиптик бирликтин Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов жаштарды 10-ноябрь – Бүткүл  дүйнөлүк жаштар күнү менен куттуктады жана алардын коомдогу орду жана ролу жөнүндө айтты.

Семинардын жүрүшүндө кесиптик бирликтин Жалал-Абад обкомунун алдындагы жаштар кеңешинин төрагасы З.Сулайманов аткарылган иштер боюнча маалымат берди. Андан сырткары Ноокен, Кара-Көл, Сузак, Таш-Көмүр, Базар-Коргон жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаштар кеңешинин төрагаларынын 2021-жылда аткарган иштери жөнүндө презентация жасалды.

Бул семинар жаштар кенештери үчүн тажрыйба алмашуу багытында өтө пайдалуу жана маанилүү болду. Катышуучулар иш-чараны каржылап, уюштуруп, ушундай шарт жаратып берген Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаиловго жаштар кеңештери ыраазычылык билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад обкомунун алдындагы жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Бакиров