Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаштар кеӊешинин төрагаларына жаңы тажрыйбалар

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин уюштуруу, укук иштери боюнча адиси жана областтык жаштар кенешинин төрагасы К.Акимов  2019-жылдын 23-августунан 26-августуна чейин Ысык-көл областынын Бостери айылындагы “Талисман-Вилаж” эс алуу жайында Борбордук комитет жана Центр солидарности уюму менен биргеликте уюштурулган “Мен татыктуу эмгек үчүн” аталышындагы жаш лидерлердин жайкы мектебиндеги тажрыйбаларды жер жерлерде жайылтуу  жана улантуу максатында 2019-жылдын 26-сентябрь күнү Баткен шаарында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети жана областтык комитеттин алдындагы  жаштар кенеши тарабынан «Жаш профсоюз лидерлери-татыктуу эмгек, татыктуу жашоо үчүн” деген темада  райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин алдындагы жаштар кенештеринин төрагаларына жана жаныдан шайланган жаш баштапкы профсоюз комитеттеринин төрагаларына семинар өткөрүлдү.

Семинардын башында областтык комитеттин төрагасы З.Бөтөков сөз сүйлөп, Борбордук комитет тарабынан 2019-жылдын 20-сентябрында Ыссык- Көл областынын Тон районундагы “Краснай гвоздика” билим берүү кызматкерлеринин ден соолугун чындоо борборунда өткөрүлгөн пленум жөнүндө жана анда коюлган милдеттер, тапшырмалар жөнүндө айтылып Борборпдук комитеттин төрагасы А.Токтогуловдун сүйлөгөн сөзү кыска видео маалымат катары көрсөтүлдү. 

Семинарда Баткен райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.Зайитов “Социалдык өнөктөштүк жана жамааттык келишимдер” жөнүндө, ал эми  областтык комитеттин уюштуруу, укук иштери боюнча адис К.Акимов профсоюз жана жаштар иштери, лидерлик, жаш лидерлердин жайкы мектеби жөнүндө маалымат беришип, катышуучулар практикалык иштерди аткарышты.

Ошондой эле катышуучулардын профсоюз жана жаштар кенеши жөнүндөгү суроо-жооп талкуулары менен семинар жыйынтыкталды жана бул семинарды район, шаарларды улантуу маселеси коюлду.

Семинардын жүрүшү боюнча Баткен областтык мамлекеттик телевидениесинин жанылыктар берүүсүнөн көрсөтүү үчүн тартылды.

Маалыматты даярдаган:

 

Баткен областтык билим жана илим профсоюз комитетинин

алдындагы жаштар кенешинин төрагасы К.Акимов.