Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаштар Кеңешинин семинары!

2019-жылдын 27-апрель күнү Ноокен районунда “28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө” карата райшаардык Жаштар Кеңешинин облустук семинары болуп өттү. Семинарга профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин Жаштар Кеңешинин  төрагасы Максат Мамасыдыков катышты.

Семинарда эмгекти коргоо боюнча докладтар айтылып, М.Мамасыдыков Жалал-Абад шаардык Жаштар Кеңешинин иш тажрыйбасы боюнча презентация менен сөз сүйлөдү. Ал жаштардын кесипке болгон кызыгуусун артыруу жана кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү боюнча бир топ иштер аткарылып жаткандыгын айтып өттү.

Ошондой эле профсоюзга  мүчөлүккө тартуу боюнча массалык маалымат каражаттары менен тыгыз байланышта иштешип жаткандыгын өзүнүн презентациясында көргөздү.

 

Маалыматты даярдаган:

Жалал-Абад шаардык Жаштар Кеңешинин төрагасы

Максат Мамасыдыков